Математика иш жүзүндө: Мугалимдер үчүн БААУда жаңы сабак

Математика иш жүзүндө: Мугалимдер үчүн БААУда жаңы сабак

23&Բ;апреля&Բ;2025

#математика

Өткөн аптада БААУда математиканын мектеп мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Иш-чаранын уюштуруучулары – Жарандык активдүүлүк борбору, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу астында БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультети.

Усулдук сабактардын темасы теңсиздиктер, тактап айтканда, теңсиздиктерди чечүүдө интервал ыкмасын колдонуунун алгоритми болду.

Сабак Сыргак Капаровичтен кызык киришүүдөн башталды. Ал айтылуу пифогордук үчилтик тууралуу айтып берди - Пифагордун теоремасын (a² + b² = c²) канаатандырган сандардын топтому. Эң белгилүү мисал - бул 3, 4 жана 5 сандары. Катышуучулар ушул сыяктуу үчилтиктерди табуу жолдорун жана аларды маселелерди түзүүдө колдонууну билишти.

Математиканын эң кызыктуу бөлүмдөрүнүн бири - аналитикалык геометрия. Бул эки багыт - алгебра менен геометриянын чектешкен жериндеги сабак. Мектеп программасында ал дээрлик кезикпейт, бирок аны татаал алгебраикалык теңдемелер менен теңсиздиктерди чечүүдө колдонууга болот. Эгер геометриялык объектти координаталар системасы менен теңдештирсек, анда ал координаталар менен алгебраикалык объекттер катары иштесе болот. Тескерисинче алгебраикалык теңсиздиктерди координаталар системасында функция катары караса болот. Демек бул жол менен теңсиздиктерди чечүү үчүн туура келген интервалдарды аныктайбыз. Интервалдар ыкмасы бир топ эле татаал алгебраикалык маселелерди чечүү үчүн колдонулат, ал эми алынган жооп окуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Анын үстүнө ар дайым жетишсиз болгон билим берүү сааттарын үнөмдөөгө жардам берет.

Методикалык материалдарды даярдоого Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова жана БААУнун улук окутуучусу Елена Бурова катышты.

Кезектеги усулдук сабак май айынын ортосуна пландаштырылган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028