“Телевидение кино жана медиа искусстволор” департаментини студенттери Эл аралык сынакта эки сыйлыкка арзыды

“Телевидение кино жана медиа искусстволор” департаментини студенттери Эл аралык сынакта эки сыйлыкка арзыды

22&Բ;апреля&Բ;2025

#tcma

Өткөн аптада биздин эки студентибиз Эл аралык “Үмүт” кинофорумунда чоң ийгиликке жетишти. Биздин 2024-жылкы бүтүрүүчүбүз Масума Махамадалиева “Душегуб” тасмасы үчүн калыстардын Атайын сыйлыгына арзыды. Ал эми жогорку курстун студенти Жетиген Кырманчиев питчинг сынагында (оюн тасмаларынын категориясы) экинчи орунда камсыздаган. Ал сыйлык иретинде келечектеги “Садага кетейин” тасмасынын пост-продакшны үчүн 200 000 сом акчалай колдоо алды.

Каармандар өз таасирлери менен төмөнкүчө ой бөлүшүштү:

“Чынында буга ишенүү кыйын болуп турат. Форумда атаандашуу кучтүү болду жана менин жеңишке жетерим күмөн жараткан. Ошентсе да мен форумга жана анын катышуучуларына келечектеги долбоорлорго дем-күч бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Уюштуруучуларга жана Гульбара эжеге чоң рахмат”,- деди Жетиген.

“Мен “Үмүт” форумуна катыштым жана баары укмуштуудай болду. Көптөгөн таланттуу адамдар, кызыктуу идеялар жана жылуу атмосфера. Биз мыкты кыска метраждуу тасмаларды көрдүк, көп баарлаштык жана бири-бирибизди шыктандырдык. Анан да мен алгачкы жолу сыйлыкка ээ болдум! Буга азырга чейин ишене албай турам, абдан бактылуумун. Бул башталышы гана деген үмүттөмүн”,- дейт Масума.

Биз студенттерибизди бул чоң жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана жаңы жеңиштер менен кубанычтуу көз ирмемдерди чыдамсыздык менен күтүп калабыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028